Редакцияот 22.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жибек-Жолу айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  I чакырылышынын 2026-жылдагы кезексиз I отуруму

 

ТОКТОМ

№1/2

 

2026-жылдын 22-январы

Согонду айылы

 

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн Гагарин айылынын аталышын эски тарыхый “Тоо-Ашкан” аталышына өзгөртүү жөнүндө

 

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн Гагарин айылынын аталышын эски тарыхый “Тоо-Ашкан” аталышына өзгөртүү жөнүндө 2026-жылдын 14-январындагы Гагарин айылынын тургундарынын жыйынынын №7 протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын географиялык обьектерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө Жобонун 8-пунктун жана 14-беренесине ылайык Жибек-Жолу айыл өкмөтү токтом кылат:

 

1.    Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн токтомун чыгарып берүү жагы Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловко сунушталсын.

2.    Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловго сунушталсын.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча Жибек-Жолу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

Б.Ж.Артыков