Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-июну № 438
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 «Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1..Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 «Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринде:
– 1-главанын 66-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
66 | Ички административдик процесстердин алкагында ишке ашырылуучу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо программаларын кошпогондо, жеке жана юридикалык жактарга кошумча кесиптик билим берүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ, Агартуумин, ЭКМ, ФМ, ЖРЭТКМ, ЖМКМА, МБК, Улутстатком, ТИМ Дипакадемиясы, ИИМ академиясы, ИИМ РОБ, КРПИБ | Акы төлөнөт |
»;
– 4-главада:
33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
33 | Калктын жарандык абалынын актыларын көчмө документтештирүү жана каттоо | КРПИБ | КРПИБ | Акы төлөнөт |
»;
43-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 10-глава төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
«
17 | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин техникалык камсыз кылууну кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын санариптик кол тамгасын текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын сактоо жана коштоо | КРПИБ | КРПИБ | Акы төлөнөт |
».
2..Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |