Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-майы № 500-VIII
«2025-жылдын 27-июнунда Минск шаарында кол коюлган
Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 14-апрелиндеги чыг. № 15-4518) «2025-жылдын 27-июнунда Минск шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Б.А. Ибрагимов |