Редакцияот 22.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

 

 

2026-жылдын 22-июну № 124-чуа

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 68-чуа “КР КЧ 20-02:2024 Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө буйругуна № 4 өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатындагы курулуш ченемдеринин талаптарын өркүндөтүү, кыштан (таштан) коюлган жүк көтөрбөөчү дубал конструкцияларын колдонуу шарттарын тактоо, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоонун жана коопсуздукту камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тепкич клеткаларын орнотуу талаптарын белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө жобону жетекчиликке алып буйрук кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 68-чуа буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген “КР КЧ 20-02:2024 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” курулуш ченемдеринин:

- 9.5.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“9.5.3. 3 кабаттуу жана андан жогорку бийиктиктеги имараттарда, ар бир бөлүгүндө бирден кем эмес тепкич клеткасы каралышы керек. Имараттын жүк көтөрүүчү элементтери менен конструктивдүү байланыш болгон учурда негизги тепкич клеткасына кошумча катары өзүнчө турган курулмалар түрүндөгү тепкич клеткаларын орнотууга жол берилет.

Адамдардын туруктуу болушу каралбаган жер алдындагы жанаша курулган бөлүктөрдө (жер алдындагы техникалык кабаттар, автомобиль токтотуучу жайлар) тепкич клеткаларын орнотпой коюуга жол берилет.

Адамдардын туруктуу болушу каралбаган бөлүктөрдө (өтмөк галереялары, инженердик курулмалар) тепкич клеткаларын орнотпой коюуга жол берилет.”;

- 9.6.7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“9.6.7. Эсептөөлөрдүн жыйынтыктарына ылайык жана 9.6.7.1–9.6.7.5-пунктчалардын жоболорун сактоо менен кыштан (таштан) коюлган жүк көтөрбөөчү дубал конструкцияларын сейсмикалуулугу 8 балл болгон райондордо сегизинчи кабатка чейин кошуп эсептөө менен, сейсмикалуулугу 9 балл болгон райондордо бешинчи кабатка чейин кошуп эсептөө менен, сейсмикалуулугу 9 баллдан жогору болгон райондордо үчүнчү кабатка чейин кошуп эсептөө менен кароого жол берилет. Сейсмикалуулугу 9 баллдан жогору болгон райондордо, жеке турак үйлөрдү кошпогондо, металл каркастар үчүн кыштан (таштан) коюлган жүк көтөрбөөчү дубал конструкцияларын колдонууга жол берилбейт.”.

2. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык, бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;

- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары Б.Ч. Чолпонбаевге жүктөлсүн.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Курулуш министрлигинин https://egov.kg/kg/ministry/construction/npa официалдуу веб-сайтында 2026-жылдын 22-июнунда жарыяланды.

 

 

Министр

 

Н.К. Орунтаев