Редакцияот 14.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 14-майы № 488 - VIII

 

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. «Ала-Тоо» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сатиева Гулжан Эркинбековна Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

 

2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

а) 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

«Сатиева Гулжан Эркинбековна – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан;»;

б) 8-пунктчанын онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

 

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага

 

 М.А. Маматалиев