Редакцияот 15.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жибек-Жолу айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  I чакырылышынын 2026-жылдагы кезектеги III отуруму

 

ТОКТОМ

№3/2

 

2026-жылдын 15-апрели

Согонду айылы

 

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу учун кызмат акынын жыйымын бекитип берүү жөнүндө

 

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу учун макулдашылган төлөм тарифин бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы Т. Камиловтун жана жарандардын билдирүүсүн угуп, талкуулап Жибек-Жолу айылдык кеңеши  токтом кылат:

 

1.    Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловтун жана жарандарынын кайрылуусу эске алынсын.

2.    КР салыктык кирешелер жөнүндө кодексинин 74 жана 75 беренелерине ылайык Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу учун макулдашылган төлөм тарифи кызмат акы үчүн төмөндөгүдөй болуп бекитилсин;

3.    Топтолгон акча каражаты Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн алдындагы «Биримдик Сервис» муниципалдык ишканасынын эсебине төгүлсүн жана түшкөн кирешенин эсебинен калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу иштери жүргүзүлсүн жана санитардык эрежелер сакталсын.

–     Ар бир үй башына бир айына 100 (жүз)сомдон.

–     Мекеме иш каналар, Ресторандар, Кафелер, Чайканалар, Ашканалар,Эс алуучу жайлар, дүкөндөр үчүн бир айына 200 (эки жүз)сомдон -500(беш жүз) сомго чейин.

–     Бул сумма «Биримдик Сервис» ТКИна взнос катары эсептелинип жана абонентке: Абоненттик китепче (эрежелери менен), келишим, берилсин

4.    Ар бир жарым жылдыкта Жибек-Жолу айылдык кеңешине түшкөн киреше боюнча отчёт берип турсун.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловко жүктөлсүн. 

 

Төрага:

Б.Ж.Артыков