Редакцияот 15.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жибек-Жолу айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  I чакырылышынын 2026-жылдагы кезектеги III отуруму

 

ТОКТОМ

№3/3

 

2026-жылдын 15-апрели

Согонду айылы

 

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды пайдаланууда жайыт акы төлөмүн белгилөө жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө токтому менен бекитилген жайыттарды пайдалануу үчүн акы тартиби жөнундөгү типтүү жобого ылайык, Жибек-Жолу айылдык кеңешинин отуруму  токтом кылат:

 

1.    Жибек-Жолу айыл өкмөттүн жайыт акы планы 443000 (төрт жүз кырк үч миң) сомго белгиленсин;

2.    Айыл өкмөттүн аймагындагы жайыттарды пайдаланууда жайыт акы төлөмү төмөнкүдөй болуп белигиленсин:

Бодо малдарга:

–     Топозго башына 200 сомдон.

–     Ийри мүйүздүү малга башына 100 сомдон.

–     Жылкыга башына 100 сомдон.

–     Кой, эчкиге 50 сомдон.

3.    Жайыт акы төлөмүнүн жылдык планын топтоо жана толтуруу айыл өкмөттүн жайыт адиси Г. Бекмурзаевке, айылдар боюнча жакындан жардам берүү ар бир айыл башчыларга милдеттендирилсин;

4.    Жайыт жерлерин өзүм билемдик менен тосуп алган жерлерди комиссия түзүп, тактоо иштерин жүргүзүү боюнча иш алпаруу Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловко милдеттендирилсин;

5.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

Төрага:

Б.Ж.Артыков