Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-июну № 450
Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө
Медициналык буюмдарды өндүрүүнү инспекциялоо жол-жоболорун натыйжалуу жөнгө салуу максатында, «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 120 «Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинтинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |