Загрузка документа…
Токтом долбоору
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-мая № 61
Бишкек, Ысык-Көл, Кочкор, Ноокен, Аксы, Ноокат, Кара-Суу жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:
1) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-майындагы № 24 Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 12-майындагы № 4 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңеши боюнча;
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-майындагы № 7 Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-майындагы № 6 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 13-майындагы № 7 Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 15-майындагы № 8 Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 12-майындагы № 7 Баткен облусунун Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңеши боюнча;
2) Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 11-майындагы № 6 каза болгондугуна байланыштуу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д. Садырбаев айылдык кеңешинин катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими;
3) Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-майындагы № 7 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңеши боюнча катталган талапкерлерди жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими;
4) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун жана 1-1-пунктунун негизинде бош калган мандатты тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-майындагы № 8 Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 11-майындагы № 6 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д. Садырбаев айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 13-майындагы № 7 Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылдык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 12-майындагы № 8 Баткен облусунун Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңеши боюнча;
5) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 12-майындагы № 4 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-майындагы № 7 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-майындагы № 6 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 15-майындагы № 8 Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык “Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө жана катталган талапкерди жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдерин бекитет”.
Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Бишкек, Ысык-Көл, Кочкор, Аксы, Ноокат, Кара-Суу жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;
- Ысык-Көл, Кочкор, Ноокен, Аксы, Ноокат, Кара-Суу жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ырастамалары ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Ысык-Көл, Кочкор, Ноокен, Аксы, Ноокат, Кара-Суу жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссиялары ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 19-майындагы № 61 токтомуна 1-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештин депутатынын аты-жөнү |
Бишкек шаары | |||
1 | Бишкек АШК, № 24, 18.05.2026-ж. (18.05.2026-ж. өз арызы) | Бишкек шаардык кеңеши | "Ынтымак" депутаттык фракциясынан Алымбеков Максат Джумакадырович (1) |
Ысык-Көл облусу | |||
Ысык-Көл району | |||
2 | Ысык-Көл АШК, № 4, 12.05.2026-ж. (11.05.2026-ж. өз арызы) | Чолпон-Ата шаардык кеңеши | "Улуу Кыргызстан" депутаттык фракциясынан Кожомсанов Рамис Эдилбекович (5) |
Нарын облусу | |||
Кочкор району | |||
3 | Кочкор АШК, № 7, 14.05.2026-ж. (11.05.2026-ж. өз арызы) | Кара-Суу айылдык кеңеши (№ 4 Дөн-Алыш шайлоо округу) | Раманкулов Бактыяр Эсенгулович |
Жалал-Абад облусу | |||
Аксы району | |||
4 | Аксы АШК, № 6, 14.05.2026-ж. (12.05.2026-ж. өз арызы) | Кербен шаардык кеңеши | "Ынтымак" депутаттык фракциясынан Кыдыралиев Манас Уларбекович (4) |
Ош облусу | |||
Ноокат району | |||
5 | Ноокат АШК, № 7, 13.05.2026-ж. (13.05.2026-ж. өз арызы) | Көк-Жар айылдык кеңеши (№ 2 Көк-Жар шайлоо округу) | Раимжанова Насибахан Кадырбековна |
Кара-Суу району | |||
6 | Кара-Суу АШК, № 8 15.05.2026-ж. (13.05.2026-ж. өз арызы) | Кара-Суу шаардык кеңеши | "Эмгек" депутаттык фракциясынан Салимов Алтынбек Нышанович (1) |
Баткен облусу | |||
Кадамжай району | |||
7 | Кадамжай АШК, № 7, 12.05.2026-ж. (11.05.2026-ж. өз арызы) | А.Масалиев айылдык кеңеши (№ 6 Кожо шайлоо округу) | Миталипов Абдулхаким Миталипович |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 19-майындагы № 61 токтомуна 2-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими
№ | АШКнын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Катталган талапкердин аты-жөнү |
Жалал-Абад облусу | |||
Ноокен району | |||
1 | Ноокен АШК, № 6, 11.05.2026-ж. (Манас ШИИБнүн 2025-жылдын 4-октябрындагы № 02-032-2025-004586 каза болгондугу жөнүндө токтому) | Д.Садырбаев айылдык кеңеши (№ 1 Тоскоол-Эски Масы шайлоо округу) | Жамбилов Эмилбек Шакирбекович |
2 | Ноокен АШК, № 7, 14.05.2026-ж. (13.05.2026-ж. өз арыздары) | Кочкор-Ата шаардык кеңеши | "Эл Биримдиги" саясий партиясынан Абдурахимов Закиржан Алимжанович (8) |
3 | "Эл Биримдиги" саясий партиясынан Рустамов Азамат Аракулович (11) | ||
4 | "Эл Биримдиги" саясий партиясынан Касымова Гульфиза Махамаджановна (12) | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 19-майындагы № 61 токтомуна 3-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын бош калган мандатты шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
1 | Ысык-Көл АШК, № 4, 12.05.2026-ж. | Чолпон-Ата шаардык кеңеши | "Улуу Кыргызстан" саясий партиясынан Джигитеков Өмүрбек Жыргалбекович (16) | Жеке ишкер |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
2 | Кочкор АШК, № 8, 14.05.2026-ж. | Кара-Суу айылдык кеңеши (№ 4 Дөң-Алыш шайлоо округу) | Шарабидинов Бекташ Алжанбаевич | Дыйкан чарбасынын мүчөсү |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
3 | Ноокен АШК, № 6, 11.05.2026-ж. | Д.Садырбаев айылдык кеңеши (№ 1 Тоскоол-Эски Масы шайлоо округу) | Шайымкулов Абдуллажан Исмаилович | Жеке ишкер |
4 | Ноокен АШК, № 7, 14.05.2026-ж. | Кочкор-Ата шаардык кеңеши | "Эл Биримдиги" саясий партиясынан Уметкулов Муратбек Таалайбекович (13) | Слесарь |
Аксы району | ||||
5 | Аксы АШК, № 6, 14.05.2026-ж. | Кербен шаардык кеңеши | "Ынтымак" саясий партиясынан Юсупов Нурбек Мырзаканович (7) | Убактылуу иштебейт |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
6 | Ноокат АШК, № 7, 13.05.2026-ж. | Көк-Жар айылдык кеңеши (№ 2 Көк-Жар шайлоо округу) | Жалалов Замирбек Абдиллаевич | Жеке ишкер |
Кара-Суу району | ||||
7 | Кара-Суу АШК, № 8, 15.05.2026-ж. | Кара-Суу шаардык кеңеши | "Эмгек" саясий партиясынан Анарбай уулу Абдилай (11) | Жеке ишкер |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
8 | Кадамжай АШК, № 8, 12.05.2026-ж. | А.Масалиев айылдык кеңеши (№ 6 Кожо шайлоо округу) | Маматкулов Акрам Жамшидович | Жеке ишкер |