Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 29-июну № 239
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын
тышкы саясат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий курсун камсыз кылуу, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү, тышкы саясат маселелери боюнча мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) төмөнкүлөр үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын:
1) Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий курсун координациялоо жана ишке ашыруу;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тышкы саясат жана эл аралык иш маселелери боюнча чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана алардын өкүлчүлүктөрү менен өз ара аракеттенүүсүн координациялоо.
2. Мамлекеттик органдар, анын ичинде министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлдөрү, ошондой эле атайын статусу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарды Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана эл аралык укуктун башка субъекттери менен тең укуктуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий курсун натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн ушул Жарлыкты жетекчиликке алсын.
Ушул Жарлыктын жоболору атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарга карата алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарына каршы келбеген бөлүктө колдонулат.
3. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жана башка мамлекеттик органдарга тышкы саясаттын негизги маселелери, анын ичинде чечимдерди ыкчам кабыл алууну талап кылган маселелер жөнүндө маалымдайт;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тышкы саясат жана эл аралык иш маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүн координациялайт;
3) өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талаптарын карайт, дүйнөлүк мыкты практикаларды, алдынкы технологияларды жана чет өлкөлүк тажрыйбаны тартууга көмөк көрсөтөт;
4) өз компетенциясынын чегинде тышкы экономикалык иш, ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эл аралык рынокторго илгерилетүү жана улуттук экономикага чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө профилдик мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт;
5) эл аралык ишти жүзөгө ашырууда, эл аралык иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө мамлекеттик органдарга саясий-дипломатиялык көмөк көрсөтөт;
6) Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсу жана Кыргыз Республикасынын эл аралык маселелер боюнча позициялары жөнүндө актуалдуу маалыматты даярдайт;
7) тышкы саясий демилгелердин долбоорлорун макулдашат жана аларды акыркы чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет;
8) тышкы саясат чөйрөсүндө координациялоо жана өз ара аракеттенүү маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү жана сунуштамаларды берет;
9) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн тышкы саясат чөйрөсүндө координациялоо жана өз ара аракеттенүү маселелери боюнча окутууну уюштурат;
10) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий курсунун жана ушул Жарлыктын жоболорунун сакталышына мониторинг жүргүзөт, ошондой эле аныкталган бузууларды жоюу боюнча сунуштарды киргизет.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий курсун катуу карманууга жана ушул Жарлыктын жоболорун аткарууга милдеттүү;
2) өз багыттары боюнча эл аралык иштерди жүзөгө ашырат жана анын натыйжалуулугу жана жыйынтыгы үчүн жоопкерчилик тартат;
3) жыл сайын ыйгарым укуктуу орган менен эл аралык иштин негизги багыттарын макулдашат;
4) ыйгарым укуктуу орган менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тышкы саясат жана улуттук кызыкчылык маселелерине тиешелүү чечимдердин, ченемдик укуктук актылардын жана демилгелердин долбоорлорун макулдашат;
5) жолугушууларда жана эл аралык иш-чараларда жасалган билдирүүлөрдүн жана чыгып сүйлөөлөрдүн Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий курсуна шайкеш келишин камсыз кылат;
6) «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчүнө кириши боюнча мамлекеттик ички жол-жоболордун өз убагында аткарылышын камсыз кылат;
7) алардын компетенциясына кирген эл аралык келишимдер боюнча мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты квартал сайын ыйгарым укуктуу органга берет;
8) эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери, мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен ыйгарым укуктуу орган аркылуу өз ара аракеттенүүнү жана кат алышууну жүзөгө ашырат;
9) жетекчилердин жана кызматкерлердин катышуусу менен пландалган чет өлкөлүк кызматтык иш сапарлар жана эл аралык иш-чаралар жөнүндө маалыматты, ошондой эле алардын жыйынтыгы боюнча отчетторду «Дипломатиялык кызмат» автоматташтырылган маалыматтык системасына алдын ала киргизет, ал жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Мамлекеттик органдардын жетекчилери өзүнүн кызматкерлерин чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларга жөнөтүүнүн жана эл аралык иш-чараларга катышуусунун негиздүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат;
10) Кыргыз Республикасында өткөрүлүүчү иш-чараларга чет мамлекеттердин башчыларына жана чет мамлекеттердин өкмөт мүчөлөрүнө жана аларга теңештирилген адамдарга, эл аралык уюмдардын жетекчилерине, ошондой эле чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин башчыларына чакырууларды жөнөтүүнү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашат;
11) ыйгарым укуктуу орган аркылуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен кат алышууну жүзөгө ашырат.
5. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчыларына барган мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий курсун ишке ашырууну жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн жана алардын кызмат адамдарынын ошол мамлекеттердеги же эл аралык уюмдардагы ишин аккредитациялоону, координациялоону жана контролдоону камсыз кылуу жүктөлсүн.
Чет мамлекеттерде иштеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрү жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчыларына отчет берет жана алардын контролунда болот, ошондой эле аларга өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн эл аралык уюмдарда иштөө үчүн талапкерлиги ыйгарым укуктуу орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
7. Тышкы саясат маселелери боюнча расмий билдирүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, ошондой эле белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адамдар жасоого укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенциясынын чегинде парламенттер аралык кызматташтык маселелери боюнча билдирүүлөр менен чыгат.
8. Кыргыз Республикасынын расмий позициясына каршы келген санкцияланбаган тышкы саясий билдирүүлөр, чыгып сүйлөөлөр же аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигине алып келет.
Ушул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине тышкы саясат маселелери боюнча материалдарды даярдоо жана берүү, ушул Жарлыктын жоболорун сактоо, анын ичинде кызматкерлерди чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларга жөнөтүүнүн жана алардын эл аралык иш-чараларга катышуусунун негиздүүлүгү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
9. Ушул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар тарабынан ушул Жарлыктын жоболорун бузуулар аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат жөнөтөт.
10. Ушул Жарлыктын 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча ыйгарым укуктуу орган өз компетенциясынын чегинде укуктук мүнөзгө ээ жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болгон актыларды кабыл алууга укуктуу деп белгиленсин.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
12. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
13. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |