Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 26-июну № 441
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик ишканалардын санын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасын кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Объекттерди башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик ишканасы кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Объекттерди башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке кайра уюштурулуп жаткан мамлекеттик ишканалардын өткөрүп берүү актысын бекитүү боюнча ыйгарым укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасынын активдерин жана милдеттенмелерин инвентаризациялоону жүргүзүүнү камсыз кылсын;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Объекттерди башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте финансылык милдеттенмелерди аткаруу маселелерин жөнгө салууну камсыз кылсын;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Объекттерди башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасынын укуктары жана милдеттемелери боюнча укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук ишканаларынын айрым маселелери жөнүндө» токтомунун 8-пунктунун 2-пунктчасы;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-майындагы № 248 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 6-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 76 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-майындагы № 248 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев