Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-апрели № 413-VIII
«2025-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Кемин» көмөк чордону менен «Балыкчы» жаңы көмөк чордонунун ортосунда 500 кВ аба электр берүү чубалгысын куруу долбоору) жана Кыргыз Республикасы, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Кемин» көмөк чордону менен «Балыкчы» жаңы көмөк чордонунун ортосунда 500 кВ аба электр берүү чубалгысын куруу долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 9-мартындагы чыг. № 18-2593) «2025-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Кемин» көмөк чордону менен «Балыкчы» жаңы көмөк чордонунун ортосунда 500 кВ аба электр берүү чубалгысын куруу долбоору) жана Кыргыз Республикасы, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Кемин» көмөк чордону менен «Балыкчы» жаңы көмөк чордонунун ортосунда 500 кВ аба электр берүү чубалгысын куруу долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |