Редакцияот 22.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык Кенешинин 5 - чакырылышынын 21-сессиясы

 

2026-жылдын 22-майы № 10

Айдаркен шаардык кеңешинин  2025-жылдын 13-октябрындагы №25 токтомуна толуктоолорду киргизүү жѳнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү” Кодексинин 76-беренесинин талабына ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, “Бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат маселелери” боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши токтом кылат:

       

  1. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жѳнүндѳгү” Кодексине ылайык, Айдаркен шаарынын аймагында жашаган жарандарга таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын мөөнөтү 1-июлга чейин узартылсын.
  2. Ушул токтомду каттоо жана Айдаркен шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялоо жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө киргизилсин.
  5. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге  жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.А.Алтымышова