КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 21 - майы №25/110
Кызыл-Кыя шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 24-апрелиндеги №38 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Кызыл-Кыя шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасыкабыл алынсын.
- Кызыл-Кыя шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын талкуулоо учурунда шаардык кенештин депутаттары тарабынан берилген ооз эки жана кат жүзүндөгү сунуштарды 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү планына толуктап киргизүү жагы шаар мэри Б.Кошалиевге жүктөлсүн.
- Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
А.Мурзаев |