Редакцияот 21.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2026-жылдын 21 - майы №25/112

 Кызыл-Кыя шаарындагы автоунаа токтоочу жайларды (автопарковка)    “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 15-майындагы №22 протоколун эске алып,  Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом  кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаарындагы автоунаа токтоочу жайларды (автопарковка)     “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Токтомдун 1-пунктун аткарууда тийиштүү документтерди даярдоо жагы шаар мэри Б.Кошалиевге тапшырылсын.
  3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
  4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага:

 

А.Мурзаев