Редакцияот 21.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2026-жылдын 21 - майы №25/113

 Кызыл-Кыя шаарында каттоодо турган томолой жетим балдарга жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 15-майындагы №22 протоколун эске алып,  Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом  кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаарында каттоодо турган томолой жетим балдарга жер тилкесин бөлүп берүү маселесин чечүү жагы шаар мэри Б. Кошалиевге жүктөлсүн.
  2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
  3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага:

 

А.Мурзаев