Редакцияот 29.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы

 

2026-жылдын 29-апрели № 18

Айыл чарба багытындагы жерлерди ,Калктуу конуштар жерлери багытына которуу жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесине ылайык, Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Кайрагач айылындагы № 1112- контурдан 0,15 га жердин,Андархам айылынын Шахмур участкасынан № 892-контурдан 0,04 га. Бешкент айылынын Шоро участкасынан № 1009-контурунан 0,04 га, Актам участкасынан № 892-контурунан 0,04 га   жерлердин багытын өзгөртүү жөнүндөгү Кең-Талаа айыл  өкмөтүнүн сунуш катын угуп жана талкуулап  Кең-Талаа айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Кайрагач айылындагы № 1112- контурдан 0,15га  жерди кичи футбол аянтчасын куруу үчүн, Андархам айылынын Шахмур участкас ынын № 892-контурунан 0.04 га, Бешкент айылынын Актам участкасынын № 892-контурунан 0,04 га,Бешкент айылынын Шоро участкасынын № 1009-контурунан        0.04 га жайыт жер тилкелерине мечит куруу үчүн  “Айыл чарба багытындагы” жерлерди,”Калктуу конуштардын жерлери” багытына которууга макулдук берилсин.

 

 

2. Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүү Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча  адиси Ж.Бекботоевго  жүктөлсүн.

 

     3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Талаа айылдык  Кеңешинин   

         муниципиалдык менчик,айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшы-

         рылсын.

   

 

 

 

Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Б.Жумабайев