Редакцияот 29.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы

 

2026-жылдын 29-апрели № 20

Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн муниципиалдык       менчигиндеги  МТЗ-80 жана LW-500 жүктөгүчү   жана Автогрейдер жол сүрүү унааларынын 2026-жылга    карата”Достук” муниципиалдык      ишканасы тарабынан чарбалык жумушту   аткаруу боюнча  саатына  карата пландалган кызматтык баасынын өлчөмүн  бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө

      Кең-Талаа айыл аймагындагы “Достук” муниципиалдык ишканасынын башчысы И.Тиллабаевдин  берилген техникалардын кызмат акысын көтөрүү  боюнча сунуш катын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши

                                               Т О К Т О М        К Ы Л А Т:

1. Кең-талаа айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги МТЗ-80 жана LW-500    жүктөгүчү жана автогрейдер жол сүрүү унааларынын 2026-жылга карата “Достук” муниципиалдык ишканасы тарабынан саатына карата пландалган кызмат акысынын баасынын өлчөмү МТЗ-80 тракторуна 2000 сомдон, LW-500 жүктөгүчү жана автогрейдер жол сүрүү унааларынын 2026-жылга  саатына кызмат акысынын өлчөмү тиркемеге ылайык  5170 сомго бекитүүгө макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кең-талаа  айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары Бекмирзаев Д.Э ге тапшырылсын.

 

        

 

 

Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Б.Жумабайев