Редакцияот 29.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы

 

2026-жылдын 29-апрели № 23

Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын  чоңдугун бекитүү жөнүндө

Кең-Талаа айыл аймагынын айылдарындагы калктуу конуштардагы таштандыларды ташып      чыгаруу үчүн  жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитип берүү жөнүндөгү маселени талкуулап  чыгып Кең-Талаа айылдык кеңеши

                                               Т О К Т О М       К Ы Л А Т:

1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 89 Мыйзамы менен пайда- ланууга  киргизилген Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодексинин 24- Главасына ылайык “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө” сунушка айылдык кеңештин депутаттарынын каршы добуш бергендигин эске алып,макулдук берилбесин.

2. Токтомдун аткарылышын колго алуу жагы Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы  Р.Ш. Джумабаевге тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын

        

 

 

 

Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Б.Жумабайев