КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-июну № 489
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 «Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө» токтомуна жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ички аудит боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 26-февралындагы № 164 тескемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 12-декабрындагы № 640 тескемеси;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 17-мартындагы № 169 тескемеси.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |