ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 24-июну № 232 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын которуу жөнүндө» Жарлыгы

Редакция24.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 24-июну № 232

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын которуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишин күчөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Рыскулова Айжан Рыспековна ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан Бишкек шаардык сотуна которулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

  Президенти

 

С.Н. Жапаров