Редакцияот 01.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ   ШААРДЫК   КЕҢЕШИНИН

 

XXIХ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХХIV СЕССИЯСЫ

 

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 18-июну  айы №115

 

 

Автоунааларды  Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык

менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 14-майындагы №01-13/1967 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү  маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Азия Өнүктүрүү банкы (АБР) тарабынан Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу долборунун алкагында грант иретинде 85 000 (сексен беш миң) АКШ долларына сатып алынган 2026-жылы чыгарылган Donfeng кранманипулятор мамлекеттик номери 01KG030DC, идентификациялык номери (VIN коду) LDTXHJ450TG110207 авто техникасын жана жеке тараптан келген мамлекеттик номерлүү 09KG743AHI. 2013-жылы чыгарылган МКЗ 3402 маркасындагы таштанды ташуучу авто техникасын Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Балыкчы шаарынын мэриясына:

-муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына  ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб-  сайтында  https://balykchy.gov.kg жарыялансын.

 

  1. Мамлекеттик  тилде кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

 

Кеңештин төрагасы                                           Д.Ж.Аманалиев