Редакцияот 01.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЛЫКЧЫ   ШААРДЫК   КЕҢЕШИНИН

 

XXIХ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХХIV СЕССИЯСЫ

 

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 18-июну  айы №117

 

Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө  карата нарк эсебин (прейскурант) бекитүү жөнүндө

 

Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 19-майындагы №01-13/2289 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын техникалардын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө  карата нарк эсеби (прейскурант)  №1 тиркемеге  ылайык  бекитилсин.
  2. Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “ Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык ” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү био-туалеттин акы төлөнүүчү тейлөө кызматына карата (прейскурант) нарк эсеби №2 тиркемеге ылайык  бекитилсин.
  3. Балыкчы шаардык Кенешинин 2022-жылдын 21-декабрындагы XIII-сессиясынын “Балыкчы шаар мэриясынын алдындагы “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасынын унаа тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүнө карата нарк эсеби ( прейскуранты ) жөнүндө” №6 токтомдору жокко чыгарылсын
  4. Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб-  сайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
  5. Мамлекеттик  тилде кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

 

 

 

Кеңештин төрагасы                                           Д.Ж.Аманалиев

 

 

БЕКИТИЛДИ

Балыкчы  шаардык  кеңешинин 

                                                                        XXIV сессиясынын

№ 117-токтому2-тиркеме

18-июнь  2026-жыл                                       ________________________

 

Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “ Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык ” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү био-туалеттин акы төлөнүүчү тейлөө кызматына карата (прейскурант) нарк эсеби:

 

 

 

 

№

Кызмат көрсөтүү түрлөрү

Виды услуг

Кызмат көрсөтүү баалары

Стоимость услуг на основании калькуляции МП “ БиСО “

1

 

Биотуалет

 

За 1 час – 400 сом

 

 

 

Жетекчи                                                          С.Б.Бактыбеков