ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 22-январы № 82-VIII «Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому

Редакция22.01.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

 2026-жылдын 22-январы № 82-VIII

 

"Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттары К.А.Талиева, Н.А.Азыгалиев, Ч.А.Айдарбеков, Ж.К.Акаев, М.К.Алиев, С.А.Атамбаев, Д.А.Ашимова, Д.Д.Бекешев, Д.А.Джумабеков, С.М.Зулпуев, Дж.К.Исаева, А.Исатбек кызы, Г.А.Кожокулова, А.А.Козуев, И.К.Кубанычбеков, Л.Х.Лурова, Ш.Мажитова, М.А.Маматалиев, А.Т.Мамашова, А.Т.Маткеримов, Г.С.Молдобекова, М.М.Мураталиев, С.А.Омурзаков, В.К.Раимбачаева, С.Рустамбек уулу, Ж.Э.Садырбаева, Ч.А.Султанбекова, Э.Ж.Сурабалдиева, Н.О.Сыдыгалиев, Ж.Таалайбек кызы, К.Л.Ханджеза, А.А.Эгембердиев, А.Т.Эрбаев, Э.К.Абакиров, Г.И.Жунушалиева, Б.А.Марипов, Дж.Д.Нышанов тарабынан демилгеленген "Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи

орун басары

 

Ч.Ажибаев