РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 30-июнундагы № 491 (Аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманын 8-пунктунун он биринчи абзацын чечмелөөнү (түшүндүрмөнү) жактыруу жөнүндө) тескемеси

Редакцияот 30.06.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 30-июну № 491

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун ченемдерин колдонуудагы так эместиктерди, туура эмес же карама-каршы практикаларды жоюу максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык:

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 601 «Аскер кызматчыларына талаа акчаларынын ченемдерин белгилөө жөнүндө» токтому менен бекитилген Аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманын 8-пунктунун он биринчи абзацын расмий чечмелөө (түшүндүрмө) тиркемеге ылайык жактырылсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев