Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-июну № 18
2026-жылдын 12-мартындагы №08 «Кара-Балта шаарынын 2026-жылга бюджетин жана 2027–2028-жылдарга Кара-Балта шаарынын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» Кара-Балта шаардык кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрүн, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27, 34, 36-беренелерин жетекчиликке алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. 2026-жылдын 12-мартындагы №08 «Кара-Балта шаарынын 2026-жылга бюджетин жана 2027–2028-жылдарга Кара-Балта шаарынын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» Кара-Балта шаардык кеңешинин токтомуна тиркелген колдонмолорго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
№1 тиркемеде 2026-жылга бюджеттин киреше бөлүгүнүн бекитилген планы жана кварталдар боюнча бөлүштүрүлүшү (миң сом менен):
«Кирешелер + активдер жана милдеттенмелер (жерлерди сатуу)» көрсөткүчүндөгү 582 321,4 (беш жүз сексен эки миллионүч жүз жыйырма бир миң төрт жүз) миң сом цифрасы 677 245,7 (алты жүз жетимиш жети миллион эки жүз кырк беш жети жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
11 «Салыктык кирешелер» көрсөткүчүндөгү 515 177,0 (беш жүз он беш миллион жүз жетимиш жети) миң сом цифрасы 609 601,3 (алты жүз тогуз миллион алты жүз бир үч жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
11 111 100 «Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы» көрсөткүчүндөгү 446 947,0 (төрт жүз кырк алты миллион тогуз жүз кырк жети) миң сом цифрасы 541 371,3 (беш жүз кырк бир миллион үч жүз жетимиш бир миң үч жүз) сом цифрасына алмаштырылсын;
14 «Салыктык эмес кирешелер» көрсөткүчүндөгү 67 144,4 (алтымыш жети миллион жүз кырк төрт миң төрт жүз) сом цифрасы 67 644,4 (алтымыш жети миллион алты жүз кырк төрт миң төрт жүз) сом цифрасына алмаштырылсын;
1423 «Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр» көрсөткүчүндөгү 35 000,0 (отуз беш миллион)миң сом цифрасы 35 500,0 (отуз беш миллион беш жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
14238 «Башка кызмат көрсөтүүлөр» көрсөткүчүндөгү 2 500,0 (эки миллион беш жүз) миң сом цифрасы 3 000,0 (үч миллион) сом цифрасына алмаштырылсын.
№4 тиркемеде «2026-жылга шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгү»:
70111 «Мэрия аппараты» боюнча 103 879,6 (жүз үч миллион сегиз жүз жетимиш тогуз миң алты жүз) миң сом цифрасы 146 363,7 (жүз кырк алты миллион үч жүз алтымыш үч жети жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
70111 «Шаардык кеңеш» боюнча 5 000,5 (беш миллион беш жүз) миң сом цифрасы 5 050,5 (беш миллион элүү миң беш жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
70629 Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Универсал” МИ» боюнча 57 997,1 (элүү жети миллион тогуз жүз токсон жети миң бир жүз) миң сом цифрасы 55 252,1 (элүү беш миллион эки жүз элүү эки миң бир жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
70661 «Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу ММБ» боюнча 271 256,2 (эки жүз жетимиш бир миллион эки жүз элүү алты миң эки жүз) миң сом цифрасы 320 242,1 (үч жүз жыйырма миллион эки жүз кырк эки миң бир жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
70811 «СМБ алдындагы «Манас» спорт комплекси» боюнча 40 493,8 (кырк миллион төрт жүз токсон үчмиң сегиз жүз) миң сом цифрасы 41 354,1 (кырк бир миллион үч жүз элүү төрт миң бир жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
70823 «СМБ» алдындагы Ленин атындагы шаардык маданият үйү» боюнча 18 582,2 (он сегиз миллион беш жүз сексен эки миң эки жүз) миң сом цифрасы 18 632,2 (он сегиз миллион алты жүз отуз эки миң эки жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
70863 «Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу СМБ» боюнча 3 675,3 (үч миллион алты жүз жетимиш беш миң үч жүз) миң сом цифрасы3 695,3 (үч миллион алты жүз токсон беш миң үч жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
70911 «ММБна караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдары» боюнча 14 253,8 (он төрт миллион эки жүз элүү үч миң сегиз жүз) миң сом цифрасы 18 222,8 (он сегиз миллион эки жүз жыйырма эки миң сегиз жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
70921 «ММБна караштуу орто мектептер» боюнча 16 985,6 (он алты миллион тогуз жүз сексен беш миң алты жүз) миң сом цифрасы 17 735,6 (он жети миллион жети жүз отуз беш миң алты жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
Жалпысы: 547 321,4 (беш жүз кырк жети миллион үч жүз жыйырма бир миң төрт жүз) миң сом цифрасы 641 745,7 (алты жүз кырк бир миллионжети жүз кырк беш миң жети жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын.
№5 тиркемеде «2026-жылга атайын каражаттар боюнча шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгү»:
70629 «Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Универсал” МИ» боюнча 2 500,0 (эки миллион беш жүз) миң сом цифрасы 3 000,0 (үч миллион) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
Жалпысы: 35 000,0 (отуз беш миллион) миң сом цифрасы 35 500,0 (отуз беш миллион беш жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын.
№11 тиркемеде «2026-жылга Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Универсал” муниципалдык ишканасынын бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалары»:
2111-берене «Эмгек акы» боюнча 32 059,5 (отуз эки миллион элүү тогуз миң беш жүз) миң сом цифрасы 30 409,5 (отуз миллион төрт жүз тогуз миң беш жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
2231-берене «Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» боюнча 2 945,0 (эки миллион тогуз жүз кырк беш) миң сом цифрасы 200,0 (эки жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
3112-берене «Машиналар жана жабдуулар» боюнча 4 570,0 (төрт миллион беш жүз жетимиш) миң сом цифрасы 6 220,0 (алты миллион эки жүз жыйрма) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
«Бардыгы» көрсөткүчүндөгү 57 997,1 (элүү жети миллион тогуз жүз токсон жети миң бир жүз) миң сом цифрасы 55 252,1 (элүү беш миллион эки жүз элүү эки миң бир жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын.
№12 тиркемеде «2026-жылга УМСтин муктаждыгынын долбоору»:
2211-берене «Кызматтык иш сапар чыгымдары» боюнча 704,7 (жети жүз төрт миң жети жүз) миң сом цифрасы 804,7 (сегиз жүз төрт жети жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
2215-берене «Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу» боюнча 56 321,8 (элүү алты миллиион үч жүз жыйырма бир миңсегиз жүз) миң сом цифрасы 20 326,1 (жыйырма миллион үч жүз жыйырма алты миң бир жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
2221-берене «Мүлктү учурдагы оңдоого чыгымдар» боюнча 21 250,0 (жыйырма бир миллион эки жүз элүү) миң сом цифрасы 25 625,0 (жыйырма беш миллион алты жүз жыйырма беш) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
2222-берене «Учурдагы чарбалык муктаждыктар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу» боюнча 615,7 (алты жүз он беш миң жети жүз) миң сом цифрасы 2 462,2 (эки миллион төрт жүз алтымыш эки миң эки жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
2231-берене «Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» боюнча 9 910,6 (тогуз миллион тогуз жүз он миң алты жүз) миң сом цифрасы 15 400,6 (он беш миллион төрт жүз миң алты жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
3111-берене «Имараттар жана курулмалар» боюнча 142 041,8 (жүз кырк эки миллион кырк бир миң сегиз жүз) миң сом цифрасы 211 249,9 (эки жүз он бир миллион эки жүз кырк тогуз миң тогуз жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
3112-берене «Машиналар жана жабдуулар» боюнча 13 300,0 (он үч миллион үч жүз) миң сом цифрасы 17 262,0 (он жети миллион эки жүз алтымыш эки) миң сом цифрасына алмаштырылсын;
«Жалпысы» көрсөткүчүндөгү 271 256,2 (эки жүз жетимиш бир миллион эки жүз элүү алты миң эки жүз) миң сом цифрасы 320 242,1 (үч жүз жыйырма миллион эки жүз кырк эки миң бир жүз) миң сом цифрасына алмаштырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, турак жай-коммуналдык чарбасына жана Кара-Балта шаарынын мэри А.К. Исаковго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |