Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 24-июну № 636-VIII
«Мамлекеттик чек араны кайтаруу жана мамлекеттик күзөт
чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам
актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 9-июнундагы чыг. № 23-7292) «Мамлекеттик чек араны кайтаруу жана мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 1-июлунда https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8018 расмий сайтында жарыяланды
Төраганын орун басары |
Б.А. Ибрагимов |