Редакцияот 15.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы

 

2026-жылдын 15-майы № 32

Айыл аймактагы бургу кудуктан  чыккан суулардын бирдиктүү тарифин бекитүү жана укуктук тастыктоочу документи жок бургу кудуктарды  Кадамжай суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө

 

 

      Күн тартибиндеги маселени карап,  айыл өкмөт башчысы З. Жарматовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренсин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши бюджет жана финансы маселелери  боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун  угуп жана талкуулап  токтом кылат:

 

  1. Айыл аймактагы бургу кудуктан  чыккан суулардын тарифи 1киловатт-саатына 6сом 50 тыйын (алты сом элүү тыйын) өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Укуктук тастыктоочу документтери жок бургу кудуктарды коргоо тилкеси менен Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
  3. Айыл аймактагы бургу кудуктарды инвенитаризация жүргүзүү, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо  жана   токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  4. Токтом  Орозбеков  айыл өкмөтүнүн  orozbekov.gov.kg  расмий веб-сайтында жарыялансын.
  5.  Айылдык  кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  6. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин  бюджет жана финансы маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Бактыбаев