Редакцияот 15.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы

 

2026-жылдын 15-майы № 34

 Орозбеков айылдык кеңешинин 28.01.2026-жылдагы  №2 “Орозбеков айыл аймагында жергиликтүү салыктардын коэффицентин бекитип берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө.

 

   Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин  401, 412-беренелерине ылайык жана  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши  токтом кылат: 

 

     1. Орозбеков айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы №2 “Орозбеков           айыл аймагында жергиликтүү салыктардын коэффицентин бекитип берүү           жөнүндө”  токтомуна  өзгөртүүлөр  киргизилсин:

          4-пункт  төмөнкүдөй абзац менен толукталсын:

          -Акыр-чикирлерди чыгаруу өз ара салыгынын төлөө мөөнөтү 2026-жылдын          1-июлуна чейин деп белгиленсин.

      2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысына             милдеттендирилсин.

  1. Токтом  Орозбеков айыл өкмөтүнүн  orozbekov.gov.kg  расмий веб-сайтында жарыялансын.
  2.  Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

А.Бактыбаев