Редакцияот 15.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы

 

2026-жылдын 15-майы № 36

 “Баластан” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө

 

    Күн тартибиндеги маселени карап, айыл өкмөт башчысы З. Жарматовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренсин,   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  34, 39-беренелерин жетекчиликке алып,  Орозбеков айылдык кенеши бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун  угуп жана талкуулап  токтом кылат:

  1. Орозбеков айылындагы “Баластан” балдар бакчасына кошумча тайпа ачууга курулуш материалдарын сатып алууга айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн каражаттын эсебинен 360 000(үч жүз алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Тиешелүү каражатты бөлүп берүү жана токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Токтом  Орозбеков  айыл өкмөтүнүн  orozbekov.gov.kg  расмий веб-сайтында   жарыялансын.
  4.  Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана  токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине    киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен  облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5.  Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик     реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  6.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Бактыбаев