Редакцияот 15.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы

 

2026-жылдын 15-майы № 37

 “Орозбеков айыл аймагындагы туристтик зоналарда убактылуу кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жөнүндө Жобону бекитүү жана Көл-Кутман  көлүн рекреациялык пайдалануу үчүн  убактылуу пайдалануу келишимин түзүүгө сунуштоо жөнүндө

  

      Күн тартибиндеги маселени карап, айыл өкмөтүнүн юристи М. Токтоматовдун баяндамасын угуп Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 26-беренесин,  “Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жана  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун  угуп жана талкуулап  токтом кылат:

 

  1. “Айыл аймактагы туристтик зоналарда убактылуу кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жөнүндө” Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Орозбеков айыл өкмөтүнө жер аянты трансформация болгонго чейин биринчи арыз жазган жеке ишкер  менен Жобонун негизинде  Көл-Кутман көлүн рекреациялык пайдалануу үчүн 2026-жылдык 1-июнунан 1-октябрына  чейин төрт айлык мөөнөттө убактылуу пайдалануу келишимин түзүү сунушталсын.
  3. Жер аянты трансформациялангандан кийин мыйзам чегинде аукцион жарыяланып, жер аянты ижарага берилсин.
  4. Токтом  Орозбеков  айыл өкмөтүнүн  orozbekov.gov.kg  расмий веб-сайтында жарыялансын.
  5.  Айылдык  кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  6. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

Н.Ысакова

 

 

 

Орозбеков айылдык  кеңешинин   “15“ май 2026-жылдагы №37 токтому менен бекитилди

 

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ТУРИСТТИК ЗОНАЛАРЫНДА УБАКТЫЛУУ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮГӨ УРУКСАТ БЕРҮҮ, КОМИССИЯНЫ ТҮЗҮҮ ЖАНА КОНКУРС (АУКЦИОН) ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО

                     

                                                    КИРИШ БӨЛҮГҮ

          Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы туризм жөнүндө», «Суу кодексине» жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Орозбеков айыл аймагынын өнүктүрүү программасынын алкагында иштелип чыкты.

          Бул жобо Орозбеков айыл аймагынын чегиндеги туристтик жана рекреациялык зоналарда (анын ичинде жайлоолордо, капчыгайларда, суу объекттеринде жана көлмөлөрдө) убактылуу кызмат көрсөтүү чекиттерин (боз үйлөрдү, соода, коомдук тамактануу, көңүл ачуу жана моторлуу кайыктар менен туристтерди ташуу кызматтарын) уюштуруунун, жайгаштыруунун, уруксат берүүнүн жана иштетүүнүн бирдиктүү укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт.

ЖОБОНУН МАКСАТЫ ЖАНА НЕГИЗДЕРИ

·         Инфраструктураны өнүктүрүү: Айыл аймагындагы туристтик потенциалды туруктуу өнүктүрүү жана заманбап кызмат көрсөтүү шарттарын түзүү;

·         Коопсуздукту камсыздоо: Туристтердин жана жергиликтүү тургундардын өмүрүн, ден соолугун коргоо, айрыкча суу объекттеринде жана көлмөлөрдө коопсуздук эрежелерин катуу сактоо;

·         Экологияны коргоо: Жаратылыш ресурстарын, жайлоолорду жана суу ресурстарын булгануудан сактоо, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт коопсуздугунун ченемдерин камсыз кылуу;

·         Ишкердикти колдоо: Ишкерлерге жана жергиликтүү тургундарга убактылуу кызмат көрсөтүү укугун берүүдө ачык-айкындуулукту, тең укуктуулукту жана дени сак атаандаштыкты түзүү;

·         Бюджетти толтуруу: Туристтик объекттерди тартипке келтирүү аркылуу Орозбеков айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине кошумча киреше булактарын иштеп чыгуу жана ал каражаттарды аймакты көрктөндүрүүгө багыттоо.

 

I. КОМИССИЯНЫ ТҮЗҮҮ ЖАНА АНЫН ИШИН УЮШТУРУУ

1.    Туристтик зоналарда убактылуу кызмат көрсөтүүгө арыздарды карап чыгуу, конкурстарды (аукциондорду) өткөрүү жана жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын тескемеси менен туруктуу иштөөчү Атайын комиссия (мындан ары – Комиссия) түзүлөт.

2.    Комиссиянын курамы так сандагы (мисалы, 5 же 7) мүчөлөрдөн турат жана ага төмөнкүлөр кирет:

a.    Комиссиянын төрагасы – айыл өкмөт башчысынын орун басары;

b.    Комиссиянын катчысы – айыл өкмөтүнүн туризм, жер же укук маселелери боюнча адиси (добуш берүү укугусуз);

c.    Мүчөлөрү – айылдык кеңештин депутаттары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү жамааттын же аксакалдар сотунун өкүлдөрү, экология жана өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) кызматтарынын адистери (чакыруу менен).

3.    Комиссиянын жыйыны анын курамынын1/2 бөлүгүнөн ашыгы катышканда укуктуу (кворум бар) деп таанылат. Чечимдер ачык добуш берүү менен катышуучулардын жөнөкөй көпчүлүк добушу аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең чыккан учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.

 

II. АРЫЗДАРДЫ КАРАП ЧЫГУУ ЖАНА ТҮЗ КЕЛИШИМ ТҮЗҮҮ (АЛГАЧКЫ АРЫЗДЫН НЕГИЗИНДЕ)

1.    Туристтик сезон башталардан мурда айыл өкмөтү убактылуу кызмат көрсөтүү орундарынын схемасын жана бош орундардын тизмесин расмий маалымат такталарына жана социалдык тармактарга жарыялайт.

2.    Ишкер же жергиликтүү тургун тандалган бош орунга убактылуу кызмат көрсөтүү (мисалы, боз үй тигүү же кайык иштетүү) укугун алуу үчүн айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылат.

3.    Эгерде жарыяланган мөөнөттө (10 календардык күн ичинде) ал орунга бир гана арыз түшсө, Комиссия арыз ээсинин документтерин жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн (айрыкча кайыктардын коопсуздук деңгээлин) карап чыгат.

4.    Талаптар төп келген учурда Комиссия түз келишим түзүү чечимин чыгарат жана айыл өкмөтү менен ишкердин ортосунда убактылуу ижара (кызмат көрсөтүү) келишими түзүлөт.

III. КОНКУРС ЖАНА АУКЦИОН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ

1.    Эгерде айыл өкмөтү бекиткен бир орунга же бир кызмат көрсөтүү түрүнө (мисалы, көлмөдөгү негизги пирстен кайык менен ташууга) эки же андан көп талапкерден арыз түшсө, уруксат берүү маселеси Конкурс же Аукцион аркылуу гана чечилет.

2.    Конкурс (же аукцион) өткөрүлөрү тууралуу кулактандыруу ал өтө турган күнгө чейин кеминде 10 календардык күн калганда коомчулукка ачык жарыяланат.

3.    Талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тиркеп, жабык конвертте сунуштарын беришет:

a.    Ишкердик субъектинин документтери (патент, күбөлүк);

b.    Кызмат көрсөтүүдө колдонулуучу техниканын паспорту (кайыктардын ӨКМден өткөн техникалык күбөлүгү, айдоочунун укугу);

c.    Конкурстук сунуш (жергиликтүү бюджетке төлөнүүчү ижара акысынын өлчөмү, коопсуздукту камсыздоо планы, аймакты көрктөндүрүү боюнча инвестициялык убадалар).

 

IV. КОНКУРСТУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮН АНЫКТОО КРИТЕЙЛЕРИ

Комиссия жабык конверттерди талапкерлердин катышуусунда ачып, сунуштарды баалайт. Жеңүүчү төмөнкү баллдык система же критерийлердин негизинде аныкталат:

·         Эң жогорку баа (Аукциондук кадам): Айылдык кеңеш бекиткен баштапкы баадан эң көп ижара акысын сунуштаган катышуучуга артыкчылык берилет.

·         Коопсуздуктун кепилдиги: Жаңы, техникалык жактан кемчиликсиз моторлуу кайыктары, бардык жүргүнчүлөргө жетиштүү заманбап куткаруучу жилеттери бар жана куткаруучу матрос менен камсыз кылган ишкерге кошумча балл берилет.

·         Экологиялык талаптарга шайкештиги: Түтүн жана ызы-чуусу аз, сууга май агызбаган төрт такттуу же электрдик моторлорду сунуштагандарга артыкчылык берилет.

·         Социалдык жоопкерчилик: Орозбеков айыл аймагынын туруктуу тургуну болгон жана жергиликтүү элди жумушка алууну убада кылган талапкерлерге кошумча упай чектелет.

 

V. ЖЫЙЫНТЫКТАРДЫ ТАРАПТАШТЫРУУ ЖАНА КЕЛИШИМ ТҮЗҮҮ

1.    Конкурстун же аукциондун жыйынтыгы боюнча дароо Комиссиянын расмий Протоколу түзүлөт жана ага Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.

2.    Конкурстун жеңүүчүсү Протоколго кол коюлгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде Орозбеков айыл өкмөтү менен убактылуу ижара (кызмат көрсөтүү) келишимин түзүүгө милдеттүү.

3.    Эгерде жеңүүчү келишим түзүүдөн баш тартса, анда укук конкурста экинчи орунду алган катышуучуга өтөт.

4.    Келишим бир туристтик сезондун мөөнөтүнө гана түзүлөт. Эгерде ишкер сезон ичинде эрежелерди (экология, коопсуздук, таштанды тазалоо) так сактаса, кийинки жылга келишимди узартууда артыкчылыктуу укукка ээ болушу мүмкүн.

 

VI. ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ

1.    Конкурстун же аукциондун жүрүшүнө жана Комиссиянын чечимине нааразы болгон талапкерлер жыйынтык жарыялангандан баштап 3 жумушчу күндүн ичинде Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысына же сот тартибинде даттанууга укуктуу.