Редакцияот 03.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он бешинчи сессиясы

 

2026-жылдын 03-апрели № 30

Айыл аймагындагы коомдук жайларды жарыктандырууга электр мамычаларын сатып алуу үчүн Кадамжай өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө

 

      Күн тартибиндеги маселени карап, айыл өкмөт башчысы З. Жарматовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик  Кодексинин 51-беренесин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши бюджет жана финанасы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун  угуп жана талкуулап  токтом кылат:

 

  1.  Айыл аймагындагы коомдук жайларды жарыктандырууга   электр мамычаларын сатып алуу үчүн Кадамжай өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорду колдоо максатында айыл өкмөттүн бюджетиндеги 2025-жылда үнөмдөлгөн каражаттын  эсебинен өздүк салым катары 200 000(эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Тиешелүү акча каражатты бөлүп берүү жана токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Токтом  Орозбеков  айыл өкмөтүнүн  расмий веб-сайтында жарыялансын.
  4. Айылдык  кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин  бюджет жана финансы маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төраганын орун басары

А.Бактыбаев