Редакцияот 03.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он бешинчи сессиясы

 

2026-жылдын 03-апрели № 31

Орозбеков айыл аймагынын Кара-Шоро, Ак-Кыя, Гайрат, Кескен-Таш жана Кызыл-Булак айылдарынын башкы планынын бекитүү жөнүндө

                  

 

      Күн тартибиндеги маселени карап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесин, жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун  угуп жана талкуулап  токтом кылат:

 

  1. Орозбеков айыл аймагынын Кара-Шоро, Ак-Кыя, Гайрат, Кескен-Таш жана Кызыл-Булак айылдарынын башкы планы 31.03.2026-жылдагы жогорудагы аталган айыл тургундарынын элдик жыйынын пртотоколунда жазылган толуктоолору жана сунуштарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киргизүү менен бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызгипрозем” мамлекеттик жерге жайгаштыруу долбоорлоо институнун  Ысык-Көл филиалына элдик жыйындын протоколун жөнөтүү жана токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Токтом  Орозбеков айыл өкмөтүнүн  расмий веб-сайтында жарыялансын.
  4.  Айылдык  кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин  жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Бактыбаев