Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 17-июну № 219
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын
10-августундагы № 174 «Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандык маселелери боюнча мыйзамдарын системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 «Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жободо:
– 1-пунктта «жоготуунун» деген сөз «токтотуунун» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:
«16) нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасы (мындан ары – НБМС) – нотариалдык иш жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштетүү процесстерин комплекстүү автоматташтыруу жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн (алмашуунун) бардык түрлөрүн камсыздоо үчүн арналган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система.»;
– 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Жарандык маселелери боюнча бардык документтер аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан АМС аркылуу электрондук жана кагаз түрүндө таризделет.»;
– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана/же Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу жөнүндө арыз АМСте аны идентификациялоо максатында графикалык планшет аркылуу коюлган арыз ээсинин электрондук колтамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.»;
– 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз берүү Кыргыз Республикасынын аймагында барган жери боюнча каттоосу жана төмөнкүдөй документтердин бири болгон учурда жүзөгө ашырылат:
– жашап турууга уруксат;
– жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;
– качкындын күбөлүгү;
– Мекен-карт.
Кыргыз Республикасынын аймагында барган жери боюнча каттоосунун жана жогоруда көрсөтүлгөн документтердин болушу жөнүндө талаптар Кыргыз Республикасынын аймагына көчүп келген этностук кыргыздарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында документтештирилген жарандыгы жок адамдарга карата колдонулбайт.
Жашы жете элек балдарга карата Кыргыз Республикасынын аймагында барган жери боюнча каттоосунун болушу жөнүндө талап колдонулат, ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн документтердин болушу жөнүндө талап колдонулбайт.»;
– 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
«4) этностук кыргыздардын ата-энесинин экөөсү тең, же жалгыз атасы, же энеси чет өлкөлүк жаран болуп эсептелген баласы – ата-энесинин биринин арызы боюнча жана ата-энесинин экинчисинин жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо.»;
– 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 211-пункт менен толукталсын:
«211. Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандары болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган адамдар алгачкы документтештирилген учурдан тартып бир жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун кайра алууда чет мамлекеттин компетенттүү органынын мурдагы жарандыгынан чыккандыгын ырастоочу расмий документин көрсөтүүгө милдеттүү.»;
– 31-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
«3) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына каршы келген учурда.»;
– 36-пункттун 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7) балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (же туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө) же ага теңештирилген документ жана баланын жарандыктан чыгуусуна атасынын же энесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (НБМСте маалыматтар жок болгон учурда) – Кыргыз Республикасынын жараны бир эле учурда жашы жете элек балдарын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө өтүнүч берген учурда.»;
– 37-пункттун 5, 6-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) 14төн 18 жашка чейинки балдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугу (НБМСте маалыматтар жок болгон учурда);
6) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга ата-энесинин (жалгыз атасынын же энесинин) же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн нотариалдык макулдугу (НБМСте маалыматтар жок болгон учурда).»;
– 63-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) Кыргыз ССРинде төрөлгөн жана Кыргыз ССРинин же Кыргыз Республикасынын аймагында 1974-жылдын үлгүсүндөгү паспорт менен документтештирилген, туулгандан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө арыз бербеген адамдар;»;
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) балдар (18 жашка чейин):
– ушул Жобонун 77–82-пункттарында каралган учурларда – талаш-тартыш келип чыкканда же арыз ээсинин кайрылуусу боюнча;
– ушул Жобонун 83–87-пункттарында каралган учурларда;»;
– 64-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– ата-энесинин, же болбосо жалгыз атасынын же энесинин паспорттору – бар болсо;»;
– 71-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) ата-энесинин, же болбосо жалгыз атасынын же энесинин паспорттору – бар болсо;»;
– 78-пунктта «Кыргыз Республикасынын жарандыгына» деген сөздөр «бала төрөлгөн учурда Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 801-пункт менен толукталсын:
«801. Ата-энеси, же болбосо жалгыз атасы же энеси чет өлкөлүк жаран – этностук кыргыз болуп саналган Кыргыз Республикасынын аймагында төрөлгөн бала ата-энесинин жарандыгына жана туруктуу жашаган жерине карабастан Кыргыз Республикасынын жараны болуп таанылат.»;
– 101-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«101. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга чет мамлекеттин компетенттүү органынан ошол мамлекеттин жарандыгын алуу жөнүндө маалымат келип түшкөндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арызы бар болгондо, ушул Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгы жоготулат.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 1011-пункт менен толукталсын:
«1011. Эгерде туулгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген ишти жүзөгө ашырса же чет мамлекеттин анык аскер кызматында, укук коргоо органдарында же болбосо атайын кызматтардын органдарында кызматта турса, Кыргыз Республикасынын жарандыгы жоготулат.».
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти С.Н. Жапаров