Редакцияот 28.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 28-майы № 01-5/ 75

 Кош-Булак поселкасында “Студенттик шаар” кампусун ачуу үчүн И.Раззаков атындагы Шахта башкармалыгынын эски имаратын оңдоп түзөө үчүн долбоордук сметалык окументтерди  даярдоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып  Сүлүктү шаардык кеӊеши  шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясынынCүлүктү шаарынын мэриясынын 20.04.2026ж. №01-7/1178 сандуу каты боюнча корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:

  1. Кош-Булак поселкасында “Студенттик шаар” кампусун ачуу үчүн И.Раззаков атындагы Шахта башкармалыгынын эски имаратын оңдоп түзөө үчүн долбоордук сметалык документтерди  даярдоого  жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин;
  2. Бул токтом шаардык кеӊештин жана шаардык мэриянын расмий сайтында жарыялансын;
  3. Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун  көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлкеттик реестрине  киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн;
  4. Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага

 

Б.А.Абдуназаров