Редакцияот 28.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 28-майы № 01-5/ 78

 Кош-Булак поселкасындагы Дзержинский көчөсүндөгү көмөк чордонду жылдыруу жана көмөк чордон корпусу болгон ГКТП 400 кВА сатып алып орнотууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып  Сүлүктү шаардык кеӊеши  шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясынынCүлүктү шаарынын мэриясынын 24.04.2026ж. №01-7/1271 сандуу каты боюнча корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:

  1. Кош-Булак поселкасындагы Дзержинский көчөсүндөгү көмөк чордонду жылдыруу жана көмөк чордон корпусу болгон ГКТП 400 кВА сатып алып орнотууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин;
  2. Бул токтом шаардык кеӊештин жана шаардык мэриянын расмий сайтында жарыялансын;
  3. Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун  көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлкеттик реестрине  киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн;
  4. Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Б.А.Абдуназаров