Редакцияот 06.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I сессиясы

 

2026-жылдын 06-февралы №2

 

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ “Келечек-Арка” ишканасынын 2026-жылга карата таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө

 

      Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ “Келечек-Арка” ишканасынын 2026-жылга карата таза суунун тарифин бекитүү жөнүндөгү “Келечек-Арка” ИСКАКБсынын Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундары менен болгон чогулуштарда кабыл алган чечимдердин негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. 2026-жылдын январь айынан баштап таза суу үчүн ар бир адам кожолукка ай сайын таза сууну үйүнө киргизгендер 250 (эки жүз элүү) сомдон, сырттан алгандарга 150 сомдон төлөө тарифи бекитилсин.
  2. Суу түтүкчөлөрүн үйүнө киргизген тургундарга ай сайын тариф суу счетчиктери боюнча төлөнсүн.
  3. Үйдүн жанындагы суу чыгуучу колонканы вентилсиз пайдалангандарга:

-        Биринчи ирет эскертүү

-        Экинчи ирет колонка бекитилип салынсын

  1. Мекеме уюмдарга суунун наркы 1 м.3  30 (отуз) сом болуп бекитилсин.
  2. Достук айылындагы башкы суу сактоочу кампадан 1 м.3 суу 30 (отуз) сом өлчөмүндө төлөнсүн.
  3. Үйүнүн тамаркасынан суу түтүктөрүн өткөргөн тургундарга оңдөп түзөө иштери өз каражатынын эсебинен оңдолсун. Ошол жарандар үйүндөгү суу түтүкчөлөрүнө эсептегич коюп пайдалансын. Эсептегич коюлбаса:

-        Биринчи жолу эскертүү

-        Экинчи ирет колонка бекитилип салынсын.

  1. “Келечек-Арка” ИСКАКБсынын бюджетинин сметасы жана штаттык бирдиги бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

 

 

 

Тѳрага

Ж. Мурадилов