Редакцияот 06.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I сессиясы

 

2026-жылдын 06-февралы № 11

Жаңы-Жер айыл аймагына базар ачуу жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасы ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоо иштеринин жыйынтыгында Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылындагы соода-сатык базары Тажик Республикасына өтүп кеткендигине байланыштуу, Жаңы-Жер айыл аймагына жаңы муниципалдык соода-сатык базарын ачуу максатында Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Жаңы-Жер айыл аймагына жаңы муниципалдык соода-сатык базарын ачууга макулдук берилсин.

 

2.    Жаңы-Жер айыл аймагына жаңы муниципалдык базар ачуу жана базардын так жайын аныктап берүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Тѳрага

Ж. Мурадилов