Редакцияот 06.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I сессиясы

 

2026-жылдын 06-февралы №12

 Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка, Борбордук, Достук жана Жаштык айылдарынын башкы пландарын бекитүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө” №490 токтомуна ылайык, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Айтбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка, Борбордук, Достук жана Жаштык айылдарынын башкы пландары бекитилсин.

 

2.    Токтомдун аткарылышы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Тѳрага

Ж. Мурадилов