Редакцияот 17.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II сессиясы

 

2026-жылдын 17-марты № 15

 

Эмгек Кызыл Туу ордени, Ленин орденинин кавалери Токтош Абдуллаевдин эстелигин Арка айылына орнотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 1-апрелиндеги №215-т протоколдук тапшырмасынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 24-апрелиндеги катын аткарууга алуу максатында, 2025-2030-жылдар ичинде  Эмгек Кызыл Туу ордени, Ленин орденинин кавалери Токтош Абдуллаевдин эстелигин Арка айылына орнотуужөнүндө Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Эмгек Кызыл Туу ордени, Ленин орденинин кавалери Токтош Абдуллаевдин эстелигин Арка айылына орнотуу үчүн Арка айылынан тиешелүү жер тилкеси бөлүнсүн.

 

2.    2025-2030-жылдар ичинде  Эмгек Кызыл Туу ордени, Ленин орденинин кавалери Токтош Абдуллаевдин эстелигин орнотуу  жергиликтүү бюджет эсебинен каржылоо боюнча сунуштар даярдалсын.

 

3.    Токтомдун аткарылышы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

4.    Токтомдун аткарыдышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдк кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш  боюнча туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

 

 

Тѳрага

Ж. Мурадилов