Редакцияот 17.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II сессиясы

 

2026-жылдын 17-марты № 20

  

Жаңы-Жер чек ара заставасынын башчысы-капитан Назаралиев Жусув Акыналиевичке Жаңы-Жер айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө

 

     Кызматтык милдеттерин так аткаргандыгы, аткезчилик менен күрөшүүдө жигердүү иш алып баргандыгы, күжүрмөн даярдыгы мыкты жана үлгүлүү жүрүм туруму үчүн Жаңы-Жер чек ара заставасынын башчысы-капитан Назаралиев Жусув Акыналиевичке Жаңы-Жер айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абдухамитовдун 2026-жылдын 17-мартындагы №213 сандуу сунуш катынын негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Кызматтык милдеттерин так аткаргандыгы, аткезчилик менен күрөшүүдө жигердүү иш алып баргандыгы, күжүрмөн даярдыгы мыкты жана үлгүлүү жүрүм туруму үчүн Жаңы-Жер чек ара заставасынын башчысы-капитан Назаралиев Жусув Акыналиевичке Жаңы-Жер айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгарылсын.

 

2.    Токтомдун аткарылышы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Тѳрага

Ж. Мурадилов