Редакцияот 17.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II сессиясы

 

2026-жылдын 17-марты № 23

 

Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка айылындагы  жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн багытын өзгөртүү жөнүндө

 

      Жаңы-Жер айыл аймагынын  Арка айылынын тургуну Шамшиева Мээрге тиешелүү  жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын мөмө жемиштерди сактоочу муздаткыч кампасына өзгөртүү жөнүндөгү Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө келип түшкөн арызынын негизинде, Жер Кодексинин 18-беренесинин негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Жаңы-Жер айыл аймагынын  Арка айылынын тургуну Шамшиева Мээрге тиешелүү жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын мөмө жемиштерди сактоочу муздаткыч кампасына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Лейлек райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына катты даярдап жөнөтүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Тѳрага

Ж. Мурадилов