Редакцияот 17.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II сессиясы

 

2026-жылдын 17-марты № 24

 

Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө

 

      Жаңы-Жер айыл аймагындагы калктуу конуштардагы таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйындын ставкасынын чоңдугун бекитип берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы №89 Мыйзамы менен пайдаланууга киргизилген Салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24-главасына ылайык “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйындын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө”  сунушка айылдык кеңешинин депутаттарынын каршы добуш бергенин эске алып, макулдук берилбесин.

 

  1. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абдухамитовго тапшырылсын.

 

 

 

 

Тѳрага

Ж. Мурадилов