ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы
2026-жылдын 25-майы № 25
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук айылындагы жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Жер айыл аймагындагы Достук айылынын Кулатов №22/2 дарегиндеги
(код 8030310030533) Калилова Урматайга тиешелүү турак жай үчүн берилген жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндөгү Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө келип түшкөн арызын карап чыгып, Жер Кодексинин 18-беренесинин негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
- Жаңы-Жер айыл аймагындагы Достук айылынын Кулатов №22/2 дарегиндеги (8030310030533) Калилова Урматайга тиешелүү турак жай үчүн берилген жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын авто унаа жуучу жай, авто унаа майларын алмаштыруучу жай жана доңгөлөктөрдү желимдөөчү ишканага өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Лейлек райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына катты даярдап жөнөтүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж. Мурадилов |
|
|