ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы
2026-жылдын 25-майы № 27
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук айылындагы жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Жер айыл аймагындагы Достук айылынын Ленин №4/5 дарегиндеги
(ИДН:8030310030538) Алимов Сайдалиге тиешелүү жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндөгү Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө келип түшкөн арызын карап чыгып, Жер Кодексинин 18-беренесинин негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
- Жаңы-Жер айыл аймагындагы Достук айылынын Ленин №4/5 дарегиндеги (ИДН:8030310030538) Алимов Сайдалиге тиешелүү жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын азык-түлүк сатуучу дүкөнгө өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Лейлек райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына катты даярдап жөнөтүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж. Мурадилов |
|
|