Редакцияот 25.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы

 

2026-жылдын 25-майы № 33

 

 Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылындагы  жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн багытын өзгөртүү жөнүндө

 

           Жаңы-Жер айыл аймагындагы  Борбордук  айылынын Т.Касымов №9 дарегиндеги  Шакиров Абиджан Шарипжановичке тиешелүү турак жай үчүн берилген жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндөгү Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө келип түшкөн арызын карап чыгып, Жер Кодексинин 18-беренесинин негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Жер айыл аймагындагы  Борбордук  айылынын Т.Касымов №9 дарегиндеги  Шакиров Абиджан Шарипжановичке тиешелүү турак жай үчүн берилген жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын азык-түлүк сатуучу дүкөнгө  өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Лейлек райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына катты даярдап жөнөтүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Тѳрага

Ж. Мурадилов