Редакцияот 15.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясы

 

2026-жылдын 15-июну № 35

 

 Электромобилдерди кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн аймагынан убактылуу пайдалануу үчүн 0.10 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө.

       Таш-Көмүр ГЭСтеринин  Каскадынын 2026-жылдын 3-июнундагы №09-1/77 сандуу чыгыш катыны карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы №544 токтому менен бекитилген “2029-жылга чейин «Жашыл экономиканы» өнүктүрүү программасын” колдоо алкагында  Электромобилдерди кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагынан убактылуу пайдалануу үчүн жер аянтын бөлүп берүү максатында Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Жаңы-Жер айыл аймагынан Электромобилдерди кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн 0.10 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.  

 

2.    Токтомдун аткарылышы жана тийиштүү иш кагаздарын түзүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Тѳрага

Ж. Мурадилов