Редакцияот 15.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясы

 

2026-жылдын 15-июну № 37

 

 Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу мекеме ишканаларга таштандыларды ташып чыгаруу баасын бекитүү жөнүндө

 

      Жаңы-Жер айыл аймагындагы  мектеп, бала бакча, тамактануучу жайлар (Ашкана), автоунаа оңдоочу жайлар, соода түйүндөрүнөн таштандыларды ташып чыгаруу наркын бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Жаңы-Жер айыл аймагындагы  мектеп, бала бакча, тамактануучу жайлар (Ашкана), автоунаа оңдоочу жайлар, соода түйүндөрүнөн таштандыларды ташып чыгаруу баасы төмөнкүдөй болуп бекитилсин.

-        Мектеп жана Бала бакчалар – 2000 сом;

-        Тамактануучу жайлар (Ашкана) – 500 сом;

-        Авто унаа оңдоочу жайлар (СТО) – 500 сом;

-        Соода түйүндөрү – 200 сом.

 

  1. Токтомдун аткарылышы жана тийиштүү иш кагаздарын түзүү жагы Жаңы-Жер муниципалдык, комуналдык ишкананын башчысы Т.Жолдошевге жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарыдышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдк кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш  боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

Тѳрага

Ж. Мурадилов