Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ
БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июну № 69
Араван, Кара-Кулжа, Ала-Бука, Чаткал, Кант, Баткен шаардык,
Кадамжай, Каракол, Жети-Өгүз жана Бакай-Ата аймактык шайлоо
комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын
ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган
талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана
бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки
талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө
чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө төмөнкү чечимдери келип түштү:
1) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:
- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 8-июнундагы № 2 Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 11 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылдык кеңеши боюнча;
- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 8-июнундагы № 2 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Айры-Там айылдык кеңеши боюнча;
- Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 3 Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңеши боюнча;
- Кант аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 1 Чүй облусунун Кант шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 1 Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 12-июнундагы № 11 Баткен облусунун Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңеши боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 3 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-июнундагы № 8 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жаргылчак жана Кызыл-Суу айылдык кеңештери боюнча;
- Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-июнундагы № 5 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Биримдик айылдык кеңеши боюнча;
2) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 3-бөлүгүнүн 8-пунктунун негизинде жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер:
- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 8-июнундагы № 2 Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 1 Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
3) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандатты тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 12 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылдык кеңеши боюнча;
- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 8-июнундагы № 2 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Айры-Там айылдык кеңеши боюнча;
- Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 3 Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 12-июнундагы № 12 Баткен облусунун Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-июнундагы № 8 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жаргылчак жана Кызыл-Суу айылдык кеңештери боюнча;
- Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-июнундагы № 6 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Биримдик айылдык кеңеши боюнча;
4) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Кант аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 1 Чүй облусунун Кант шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 1 Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 4 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитет.
Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Араван, Кара-Кулжа, Ала-Бука, Чаткал, Кант, Баткен шаардык, Кадамжай, Каракол, Жети-Өгүз жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Араван жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;
- Кара-Кулжа, Ала-Бука, Чаткал, Кант, Баткен шаардык, Кадамжай, Каракол, Жети-Өгүз жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ырастамалары ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Кара-Кулжа, Ала-Бука, Чаткал, Кант, Баткен шаардык, Кадамжай, Каракол, Жети-Өгүз жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиялары ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 47 (3807) саны менен жарыяланды
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р.Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Шайназаров |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 69 токтомуна 1-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын
ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештин депутатынын аты-жөнү | |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
1. | Араван АШК, № 2, 08.06.2026-ж., (01.06.2026-ж. өз арызы) | Дөбө-Коргон айылдык кеңеши (№ 9 шайлоо округу) | Худайназаров Абдулхаким Абдиназарович | |
Кара-Кулжа району | ||||
2. | Кара-Кулжа АШК, № 11, 16.06.2026-ж., (11.06.2026-ж. өз арызы) | Ылай-Талаа айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу) | Эшейбай уулу Айбек | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
3. | Ала-Бука АШК, № 2, 08.06.2026-ж., (05.06.2026-ж. өз арызы) | Айры-Там айылдык кеңеши (№ 6 шайлоо округу) | Нурматов Абдикарим Жуманазарович | |
Чаткал району | ||||
4. | Чаткал АШК, № 3, 16.06.2026-ж., (05.06.2026-ж. өз арызы) | Каныш-Кыя айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу) | Мамурбеков Равшанбек Райимкулович | |
Чүй облусу | ||||
Кант шаары | ||||
5. | Кант АШК, № 1, 16.06.2026-ж., (09.06.2026-ж. өз арызы) | Кант шаардык кеңеши | Курманалиев Каныбек Мелисович, “Эл Үмүтү” депутаттык фракциясынан (1) | |
6. | Кант АШК, № 1, 16.06.2026-ж., (09.06.2026-ж. өз арызы) | Кант шаардык кеңеши | Аскеров Чынтемир Салмоорбекович, “Эл Үмүтү” депутаттык фракциясынан (2) | |
Баткен облусу | ||||
Баткен шаары | ||||
7. | Баткен шаардык АШК, № 1, 16.06.2026-ж., (08.06.2026-ж. өз арызы) | Баткен шаардык кеңеши | Турмаматов Кубатали Курсаналиевич, “Эмгек” депутаттык фракциясынан (8)
| |
Кадамжай району | ||||
8. | Кадамжай АШК, № 11, 12.06.2026-ж., (11.06.2026-ж. өз арызы) | А. Масалиев айылдык кеңеши (№ 1 шайлоо округу) | Эшбаева Күмүшай Зикиралиевна | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
9. | Каракол АШК, № 3, 11.06.2026-ж., (09.06.2026-ж. өз арызы) | Каракол шаардык кеңеши | Турсунбаев Уланбек Сартбаевич, “Ыйман Нуру” депутаттык фракциясынан (4) | |
Жети-Өгүз району | ||||
10. | Жети-Өгүз АШК, № 8, 18.06.2026-ж., (17.06.2026-ж. өз арызы) | Жаргылчак айылдык кеңеши (№ 1 шайлоо округу) | Баякунов Таалайбек Кулманбетович | |
11. | Жети-Өгүз АШК, № 8, 18.06.2026-ж., (16.06.2026-ж. өз арызы) | Кызыл-Суу айылдык кеңеши (№ 1 шайлоо округу) | Абдыбек уулу Руслан | |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
12. | Бакай-Ата АШК, № 5, 19.06.2026-ж., (26.05.2026-ж. өз арызы) | Биримдик айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу) | Абдыбеков Нурсейит Куштарбекович | |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 69 токтомуна 2-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерди депутаттыкка
талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештин аталышы
| Катталган талапкердин аты-жөнү |
Ош облусу | |||
Араван району | |||
1. | Араван АШК, № 2, 08.06.2026-ж., (05.06.2026-ж. өз арызы) | Дөбө-Коргон айылдык кеңеши (№ 9 шайлоо округу) | Махмудов Полатжон |
Баткен облусу | |||
Баткен шаары | |||
2. | Баткен шаардык АШК, № 1, 16.06.2026-ж., (12.06.2026-ж. өз арызы)
| Баткен шаардык кеңеши | Абдамитов Нурланбек Калмурзаевич, “Эмгек” саясий партиясынан (11) |
3. | Баткен шаардык АШК, № 1, 16.06.2026-ж., (16.06.2026-ж. өз арызы)
| Баткен шаардык кеңеши | Назиров Манас Абдимажитович, “Эмгек” саясий партиясынан (13) |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 69 токтомуна 3-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган
депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын бош калган мандатты шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
1. | Кара-Кулжа АШК, № 12, 16.06.2026-ж., (12.06.2026-ж. өз арызы) | Ылай-Талаа айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу) | Жалил уулу Жаңыбай | Ж. Айтбаева атындагы орто мектеп, директор |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
2. | Ала-Бука АШК, № 2, 08.06.2026-ж., (08.06.2026-ж. өз арызы) | Айры-Там айылдык кеңеши (№ 6 шайлоо округу) | Иманов Жаныбек Абазбекович | Жеке ишкер |
Чаткал району | ||||
3. | Чаткал АШК, № 3, 16.06.2026-ж., (12.06.2026-ж. өз арызы) | Каныш-Кыя айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу) | Шекебаев Нурланбек Жумабекович | Убактылуу иштебейт |
Чүй облусу | ||||
Кант шаары | ||||
4. | Кант АШК, № 1, 16.06.2026-ж., (09.06.2026-ж. өз арызы) | Кант шаардык кеңеши | Жумабеков Азим Жумабекович, “Эл Үмүтү” саясий партиясынан (4) | Убактылуу иштебейт |
5. | Кант АШК, № 1, 16.06.2026-ж., (09.06.2026-ж. өз арызы) | Кант шаардык кеңеши | Эмилбеков Улан Эмилбекович, “Эл Үмүтү” саясий партиясынан (5) | Убактылуу иштебейт |
Баткен облусу | ||||
Баткен шаары | ||||
6. | Баткен шаардык АШК, № 1, 16.06.2026-ж., (16.06.2026-ж. өз арызы) | Баткен шаардык кеңеши | Исаков Нурсейит Ашурович, “Эмгек” саясий партиясынан (14) | Убактылуу иштебейт |
Кадамжай району | ||||
7. | Кадамжай АШК, № 12, 12.06.2026-ж., (11.06.2026-ж. өз арызы) | А. Масалиев айылдык кеңеши (№ 1 шайлоо округу) | Абдурасул кызы Акбермет | Козубай атындагы орто мектеп, мугалим |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
8. | Каракол АШК, № 4, 11.06.2026-ж., (09.06.2026-ж. өз арызы) | Каракол шаардык кеңеши | Келгенбаев Бекзат Жекшенбиевич, “Ыйман Нуру” саясий партиясынан (5) | Каракол шаардык балдар- өспүрүмдөр спорттук мектеби, айдоочу |
Жети-Өгүз району | ||||
9. | Жети-Өгүз АШК, № 8, 18.06.2026-ж., (17.06.2026-ж. өз арызы) | Жаргылчак айылдык кеңеши (№ 1 шайлоо округу) | Иязалиев Руслан Турарович | Жеке ишкер |
10. | Жети-Өгүз АШК, № 8, 18.06.2026-ж., (19.05.2026-ж. өз арызы) | Кызыл-Суу айылдык кеңеши (№ 1 шайлоо округу) | Сулаймбеков Акылбек Турганбаевич | «Кумтор Голд Компани», механик |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
11. | Бакай-Ата АШК, № 6, 19.06.2026-ж., (12.06.2026-ж. өз арызы) | Биримдик айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу) | Анаркулов Замирбек Анаркулович | Дыйкан чарбанын мүчөсү |