Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-июну № 393
Кыргыз Республикасында жүгүртүүдөгү мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында жүгүртүүдөгү мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин актуалдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында жүгүртүүдөгү мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-сентябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерине тиешелүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-октябрындагы № 564 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө" токтомунун 7-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-сентябрындагы № 473 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 "Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жоюлушуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 "Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 "Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
17) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 "Акциздик маркалар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
18) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтомунун 5-тиркемесинин 1-пункту;
19) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
20) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 574 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
21) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-июнундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
22) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 604 "Качкындардын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;
23) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 418 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
24) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 698 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
25) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
26) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
27) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишинин маселелери жөнүндө" токтомунун 11-тиркемесинин 1-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасында жүгүртүүдөгү мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын ТИЗМЕСИ
№ | Мамлекеттик органдардын аталышы | Документтердин жана бланктардын аталышы |
1 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
2 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Лицензия берүүнү Министрлик жүзөгө ашырган иштин түрлөрү менен алектенүү укугуна лицензиялар Жеке нотариалдык кеңсени каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгү Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүк Жалпыга маалымдоо каражаттарын кайра каттоо жөнүндө күбөлүк |
3 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Лицензия берүүнү Министрлик жүзөгө ашырган иштин түрлөрү менен алектенүү укугуна лицензиялар Квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификат |
4 | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги | Министрлик тарабынан берилүүчү иштин түрлөрүнө лицензиялар Жалпы орто билими тууралуу күбөлүк Негизги жалпы билими тууралуу күбөлүк Жалпы орто билими тууралуу күбөлүктүн дубликаты Негизги жалпы билими тууралуу күбөлүктүн дубликаты Кесиптик башталгыч билими тууралуу диплом Кесиптик башталгыч билими тууралуу дипломдун дубликаты Кыска мөөнөттүү кесиптик баштапкы билим берүү курстарын аяктагандыгы тууралуу күбөлүк |
5 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
6 | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Жумушсуз катары каттоо жана тийиштүү маалымкаттарды берүү Качкындын күбөлүгү Кыргыз Республикасында качкын статусу жөнүндө өтүнүчтү каттоо тууралуу күбөлүк Кыргыз Республикасынын жарандарын мамлекеттин чегинен тышкары жумушка орноштуруу менен байланышкан ишке укук берүүчү уруксат Кайрылмандын күбөлүгү Жол жүрүү документи Балдарды багуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчик түрүнө карабастан аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк Чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгүн Кыргыз Республикасында аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк Эмгек китепчелери жана аларга тиркемелер Мекен-карт |
7 | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | Офицердин (прапорщиктин) өздүк күбөлүгү Катардагы жоокердин жана сержанттык курамдын аскердик билети Запастагы офицердин аскердик билети Аскерге чакыруу участкасында катталгандыгы тууралуу күбөлүк УАСтын катышуучусунун күбөлүгү Согуштун майыбынын күбөлүгү Курман болгон (дайынсыз жоголгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жеңилдиктерге укук тууралуу күбөлүк Жеңилдиктерге укук тууралуу күбөлүк (башка мамлекеттердин аймагында согуштук аракеттерге катышкан аскер кызматчылары, жумушчулар жана кызматчылар) Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандардын күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө согуш мезгилинде жана мобилизациялоо боюнча чакыруудан мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу тууралуу күбөлүк |
8 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Дипломатиялык паспорт Кызматтык паспорт Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк Визалык чаптама Консулдук легалдаштыруу чаптамасы |
9 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
10 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Лицензия бланктары: - кош максаттагы товарларды экспорттоо жана импорттоо үчүн; - кош багыттагы товарларды идентификациялоо жүргүзүү укугуна |
11 | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Министрлик жана ведомстволук бөлүмдөр лицензиялаган иштин түрүн жүргүзүү укугуна лицензиялар |
12 | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Кызматтык күбөлүк (Ветеринардык кызматтын чек ара өткөрүү пункттарынын кызматкерлеринин) |
13 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Министрлик жана ведомстволук бөлүмдөр лицензиялаган иштин түрүн жүргүзүү укугуна лицензиялар |
14 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Офицердин (прапорщиктин) өздүк күбөлүгү Куткаруучуларды даярдоо курсун аяктагандыгы тууралуу сертификат Куткаруучунун китепчеси Суучулдун жеке китепчеси Сууда куткаруучунун күбөлүгү "Суу-куткаруу иши" боюнча курсту аяктагандыгы тууралуу сертификат Суучулдарды даярдоо курстарын аяктагандыгы тууралуу сертификат "Эл аралык Жарандык Коргонуу Уюмунун колдоосу астында "Суучулдук иши" программасы боюнча англис жана орус тилдеринде интенсивдүү окууну аяктагандыгы тууралуу сертификат |
15 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Министрлик жана ведомстволук бөлүмдөр лицензиялаган иштин түрүн жүргүзүү укугуна лицензиялар Потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк |
16 | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Курулуш иши менен алектенүү укугуна лицензия Курулуш тармагындагы адистердин квалификациялык сертификаттары |
17 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Ойлоп табууга патент Өнөр жай үлгүсүнө патент Пайдалуу моделге патент Селекциялык жетишкендикке патент Ойлоп табуунун авторунун патентке күбөлүгү Өнөр жай үлгүсүнүн авторунун патентке күбөлүгү Пайдалуу моделдин авторунун патентке күбөлүгү Селекциялык жетишкендиктин авторунун патентке күбөлүгү Товардык белгиге (тейлөө белгисине) күбөлүк Товардын чыгарылган жеринин аталышына күбөлүк Товардын чыгарылган жеринин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк Географиялык көрсөткүчкө күбөлүк Географиялык көрсөткүчтү пайдалануу укугуна күбөлүк Автордук укук объектине күбөлүк Чектеш укуктар объектине күбөлүк Электрондук эсептөө машиналары үчүн программага күбөлүк Маалыматтар базасына күбөлүк Интегралдык микросхемалардын топологиясына күбөлүк Жалпыга белгилүү товардык белгиге күбөлүк Салттуу билимге күбөлүк Рационалдаштыруу сунушуна күбөлүк Патенттик ишенимдүү өкүлгө күбөлүк Интеллектуалдык менчик объекттерине кошумча барактар Лицензия берүүнү Министрлик жүзөгө ашырган иштин түрлөрү менен алектенүү укугуна лицензиялар Кесиптик жогорку билим жөнүндө диплом (Бакалаврдын диплому, Магистрдин диплому, Адистин диплому) Кесиптик орто билим жөнүндө диплом Дипломдун дубликаты Философия докторунун (PhD)/профили боюнча доктордун диплому |
18 | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Ведомстволук сыйлыктын бланктары Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия Иштин түрлөрү менен алектенүү укугуна лицензиялар Жардыргычтын күбөлүгү |
19 | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Запастагы офицердин аскердик билети Пенсиялык күбөлүк Офицердин (прапорщиктин) өздүк күбөлүгү Квалификацияны жогорулатуу (кайра даярдоо) курстарын өткөндүгү тууралуу күбөлүк |
20 | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
21 | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы | Кызматтык күбөлүктүн бланктары Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
22 | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары жана күбөлүктөрү |
23 | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
24 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
25 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академигинин күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсүнүн күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академигинин күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсүнүн күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу докторунун күбөлүгү Аспирантураны бүтүргөндүгү тууралуу сертификат Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
26 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Диний уюмду эсептик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасына диний иш-аракеттерди жүргүзүү максатында келген чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларын жана чет өлкөлүк жарандарды эсептик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүк Диний окуу жайын эсептик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүк Диний үгүттөөчүнү эсептик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүк Диний кайрымдуулук фондун эсептик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүк Диний багыттагы объектти эсептик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүк |
27 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси | Туулгандыгы тууралуу күбөлүк Никелешүү тууралуу күбөлүк Никенин бузулушу тууралуу күбөлүк Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк Фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү жөнүндө күбөлүк Чет өлкөлүк жарандын жана/же жарандыгы жок адамдын убактылуу жашап турууга уруксаты Чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап турууга уруксаты Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту |
28 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
29 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Акциздик жыйымдын маркалары Эсептик-контролдук маркалар |
30 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү Эркин кампанын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк Бажы кампасынын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк Убактылуу сактоо кампасынын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк Бажы ташуучуларынын реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк Бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк Электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк |
31 | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
32 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти | Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүк |
33 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
34 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
35 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасында спорттун ар кандай түрлөрү боюнча дене тарбия-спорттук бирикмелердин аккредитациялык карталары |
36 | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат | Лицензия, лицензияга тиркеме Техникалык байланыш каражаттарына шайкештик сертификаты Жыштык ыйгаруу |
37 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Пенсиялык күбөлүк |
38 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
39 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Финкөзөмөл тарабынан лицензиялануучу иштин түрү менен алектенүү укугуна лицензиялар, лицензияга тиркеме Лотерея өткөрүүгө уруксат Баалуу кагаздар рыногунда жеке жактын кесиптик ишти жүзөгө ашыруу укугуна квалификациялык күбөлүк Аудитордун квалификациялык сертификаты |
40 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
41 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия | Илимдин докторунун диплому Илимдин кандидатынын диплому Профессордун аттестаты Доценттин аттестаты Окумуштуулук даражаларынын, окумуштуулук наамдарынын эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүктөр Улук илимий кызматкердин аттестаты |
42 | Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
43 | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
44 | Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары (Бишкек шаардык сотунун жана облустук соттордун) |
45 | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
46 | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Квалификацияны жогорулатуу тууралуу күбөлүк Квалификацияны жогорулатуу тууралуу сертификат |
47 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
48 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
49 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту | Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |
50 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор | Кызматтык күбөлүк Борбор тарабынан лицензиялануучу иштин түрлөрү менен алектенүү укугуна лицензиялар Транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк Трактордун, өзү жүрүүчү технологиялык машинанын, түзүлүштүн жана жабдуунун техникалык паспорту Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгү Тракторист-машинисттин күбөлүгү |
51 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Пенсиялык күбөлүк Офицердин (прапорщиктин) өздүк күбөлүгү Квалификацияны жогорулатуу (кайра даярдоо) курстарын өткөндүгү тууралуу күбөлүк |
52 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы | Кызматтык күбөлүк Пенсиялык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары |